Ташиев Нарынга барар алдында жолдордун жасалганы тууралуу маалыматты тактады (видео

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 25-июнда Нарында жергиликтүү бийлик менен өткөргөн жыйынында жолдордун түнү менен жасалганы тууралуу маалыматты тактаган. Бүгүн, 1-июлда Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасында аталган жыйында тартылган видео менен бөлүштү.

"Мага "бүгүн Ташиев келет экен деп, күнү-түнү иштеп жатат" деген маалымат берип жатышат. "Ушуга чейин иштебей турушкан" дейт. Мэр ошондой болуп жатабы?" - деген ал.

Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев айтылган кептер чыкдык экенин моюнуна алган.

Айта кетсек, социалдык тармактарда Ташиев Нарынга барар алдында жолчулар түнү менен иштеп жатышат делген видео тараган.

01.07.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан