УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүн жасап жаткан подрядчы компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүүнү облустук ички иштер башкармалыгына тапшырды. Атайын кызматтын башчысы мындай тапшырманы 25-июнда Нарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөргөн жыйынында бергенин бүгүн, 1-июлда Өткүрбек Рахманаов билдирип, тиешелүү видеону жарыялады.
Анда Ташиев "Бета Групп" компаниясынын жетекчисин таап, аны жолдор жасалып бүтмөйүн аймактан чыгарбоо тапшырмасын да койгон.
"Азыр ошол "Бета Групптун" жетекчисин чакыргыла. Каякта жүрөт. Бишкекте болсо Бишкектен, Нарында болсо Нарындан тапкыла. Эгерде келбей турган болсо, анда Бишкектеги күч түзүмдөрүнө маалымат бергиле. Алар таап, кармап, унаага салып алып келсин. Аны ушул жердеги бир столбага байлап койгула. Тамак да бербегиле", - деген ал.
Мындан тышкары Ташиев аталган жолдор качан бүткөрүлөрү тууралуу маалымат алып, тишелүү кызматтарга жолдун курулушун УКМК көзөмөлгө аларын эскерткен.