Маск депортациялануу коркунучунан кийин Трамп тууралуу күтүүсүз билдирүү жасады

Миллиардер Илон Маск АКШнын президенти Дональд Трамптын эл аралык аренадагы дипломатиялык аракеттерин колдоду.

Ал X социалдык тармактагы баракчасына Ак үйдүн башчысынын постун бөлүшүп, "Трамп дүйнө жүзү боюнча бир нече олуттуу чыр-чатакты ийгиликтүү чечти",- деп жазды.

Буга чейин Трамп Израил тарап Газа тилкесинде 60 күндүк ок атышпоо боюнча келишимге макул болгонун жарыялаган.

Айта кетсек, Масктын мактоосу бизнесменди депортациялоо коркутууларынан кийин болду. Трамп Масктын чыгашалар боюнча мыйзамды сынга алганына жооп кылып, аны Түштүк Африкага депортациялоо маселеси каралышы мүмкүндүгүн кыйыткан.

Маск Түштүк Африкада туулуп-өскөн жана 17 жашында ал жактан алгач Канадага, андан соң АКШга көчүп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан