Чехияда ысык аба ырайына байланыштуу ок-дары кампасында өрт чыкты

Чехияда ысыктан улам ок-дары сакталган кампада өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, өрт Чехиянын түндүк-батышындагы Литомержице шаарынын аймагында башталган. CTK маалымат агенттиги кабарлагандай, өрттү өчүрүүдө 12 өрт өчүрүү бөлүмү жана авиация колдонулуп жатат. Төрт гектар аянттагы жер өрттөнгөн. Жер астындагы эски ок-дарылар жарылгандыктан кырдаал оор болууда. Окуяга жакын жайгашкан аймактардын тургундарына токойго кирүүдөн алыс болуу сунушталууда.

Чехияда күндүн ысыктыгы күчөп жатат. Республика боюнча көпчүлүк аймактарда температура +35 градустан жогору көтөрүлүүдө. Метеорологдордун божомолу боюнча бейшемби күнү да аба +40 градуска чейин ысып калышы мүмкүн. Мындан тышкары, токой өрттөрүнүн коркунучу да өсүүдө.

Эске салсак, Европада катуу ысык аба ырайы күтүлүүдө. Испанияда аптаптан улам каза болгондор катталып жатканы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан