Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жогорку окуу жайлардын жетекчилигине Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин жаңы орун басарлары Нурлан Омуров жана Айбек Чотоновду ЖОЖдорго тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Билим берүү системине жаңы дем, кесипкөйлүк жана ырааттуулук керек. Жаңы министрлик менен бирге керектүү реформаларды ишке ашырышыбыз зарыл. Биз биргелешип окуу программаларын заманбап талаптарына шайкеш келтирип, илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү, инновацияларды киргизүү, процесстерди санариптештирүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү багытында иш алып барышыбыз керек. ЖОЖдор билим берүү мекемелери менен гана чектелбестен, коомдук өнүгүүнүн, илимдин жана инновациянын борборуна айланышы зарыл. Биз келечектин атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларын даярдоо үчүн бекем пайдубал түптөшүбүз керек",- деп белгиледи Байсалов.
Маалымат үчүн: ушул жылдын 12-майында Билим жана илим берүү министрлиги экиге бөлүнүп, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Агартуу министрлиги болуп түзүлгөн.