"Ак-Тилек" мамлекеттик ишканасынын мыйзамсыз менчиктештирилген дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесинин мүлктүк комплексинин бир бөлүгү мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 3-июлда маалымдады.
Белгилүү болгондой, ал жерде жалпы аянты 8 гектарга жакын жер тилкеси менен курулушу бүтпөгөн дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесинин имаратын менчикке чыгаруу фактысын аныкталды.
"Анда 1998-жылы "Кыргызтемир" ААКнын жооптуу адамдары алдын ала макулдашуу менен жеке кызыкчылыктарын көздөп, материалдык пайда табуу максатында аталган объектти жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы тастыкталган. Тактап айтканда, темир жол тармагынын кызматкерлери үчүн дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемесин куруу жана өркүндөтүү боюнча жасалма долбоордун негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен мыйзамсыз алып-сатуу келишими түзүлүп, бүтпөй калган имарат жана ага тиешлүү болгон жер тилкелери мамлекеттин менчигинен чыгарылган.
Кийинчерээк 2,3 гектар аянтка "Колумб" пансионаты курулуп, жерлердин калган бөлүгү менчикке сатылып кеткен",- деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.
"Колумб" пансионатынын менчик ээси ыктыярдуу жана акысыз негизде 2,3 гектар аянтты түзгөн жанаша аймагы менен бирге Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүп берди.
Учурда УКМК тарабынан жалпы аянты 5 гектардан ашык аймактын калган бөлүгүн кайтарып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.