Бүгүн, 3-июлда 28 жаштагы португалиялык футболчу жана "Ливерпуль" клубунун чабуулчусу Диогу Жота жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Кырсык Саморанын Санабрия аймагына жакын жерде болгон. Анда "Ливерпуль" клубунун чабуулчусу бир тууган иниси менен өзүнүн Lamborgini унаасы менен катуу ылдамдыкта баратып, унааны ашып өтүп жатканда дөңөлөгү жарылып, унаасы ала салып, өрттөнүп кеткен. Футболчу унаасынан чыга албай калган.
Диогу Жота 2020-жылы "Вулверхэмптон" клубунан 44,7 миллион евролук келишим менен "Ливерпулга" өткөн. Ошондон бери ал аталган клубда 182 оюн өткөрүп, 65 гол киргизген жана 26 ийгиликтүү пас берген. Ал "Ливерпулда" үч чоң титулду: 2024-25-жылдагы Премьер Лиганын чемпиондугун, 2021-22-жылдагы Англия Кубогун жана 2021-жылдагы Лига Кубогун жеңген.