Ысык-Көлдө чөгүп бара жаткан 4 кызды куткарган милиция кызматкеринин видеосу тарады.
Видеонун автору окуя 1-июлда Чолпон-Ата шаарында көл жээгинде орун алгандыгын белгиледи. Анда суудан чыккан укук коргоо кызматкеринин колун кысып ыраазычылык билдирип жаткан эс алуучуларды көрүүгө болот.