АКШда 77 жаштагы аял круизде чексиз жашоо үчүн бардык мурастарын саткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
77 жаштагы Шэрон Лейн Villa Vie Odyssey круиздик кемесинин бортуна билет алган. Аял салттуу жашоодон баш тартып, жок дегенде кийинки 15 жылын круизде, дүйнө жүзүн кыдырып өткөрүүнү чечкен.
Белгилүү болгондой, Villa Vie Odyssey – бул дүйнөдөгү эң престиждүү кеме. Ал дүйнө жүзү боюнча саякат жасайт. Жүргүнчүлөрдүн көбү туристтер эмес, узак мөөнөткө бөлмөлөрдү ижарага алган туруктуу жашоочулар болуп саналат.
Анда эң ыңгайлуу келишим - бул 15 жылдын ичинде 129 000 доллар турган кабина. Ага кошумча ай сайын төлөм: эки кишилик бөлмө үчүн бир адамга 2 миң доллар жана бир кишилик үчүн 3 миң доллар. Бул баага тамактануу (анын ичинде алкоголдук ичимдиктер), Wi-Fi, медициналык кызматтар, тазалоо, кир жуучу жана бөлмөнү тейлөө кирет.
"Мага мындан ары кир жууштун, азык-түлүк дүкөнүнө баруунун кереги жок. Кемедеги жашоо Түштүк Калифорнияда жашаганга караганда алда канча арзан",- деген 77 жаштагы Шэрон.