Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барат

Президент Садыр Жапаров 8-9-июлда мамлекеттик сапары менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

"Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки жактуу сүйлөшүүлөр, ошондой эле парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушуулар мерчемделген.

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда "Түбөлүк достук" концерти өтөт",- деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан