MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору — Сары-Челек биосфералык аймагында жана Падыша-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунда базалык станцияларды ишке киргизген Кыргызстандагы алгачкы жана бирден-бир компания. Жалал-Абад облусундагы көздүн жоосун жаратылыштын кучагында орун алган коруктардын жашоочулары жана коноктору биринчи жолу жогорку сапаттагы 4G-байланышын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Сары-Челек ЮНЕСКОнун биосфералык коруктарынын тизмесине киргизилген, Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири болуп саналса, Падыша-Ата – өзүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрү жана маданий мурасы менен белгилүү болгон жаратылыш объектиси. MEGAнын аракетинин аркасында туристтер да, коруктун кызматкерлери да ар дайым байланышта болуп, мобилдик интернетти колдонуп, таасирлери менен бөлүшүп, зарыл болгон учурларда шашылыш кызматтар менен ыкчам байланыша алышат.
Аталган аймактарда 4G-түйүнүн ишке киргизүү Кыргызстан боюнча саякатка чыгууну ыңгайлуу жана коопсуз гана кылбастан, экотуризмди өнүктүрүүгө жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагын санариптештирүүгө салым кошо тургандыгы бышык.
MEGAнын миссиясы – кайсы жерде болбосун, байланышты ар бир адам үчүн жеткиликтүү кылуу, санариптик теңчиликти жана өлкөнүн өнүгүүсүн камсыз кылуу. MEGA бул маанилүү милдеттерин туруктуу түрдө аткарып келет.
MEGA ─ мыктыны тандоо!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР