Жай, Ысык-Көл – О! белекке интернет жана сувенирлерди берет

Ысык-Көлгө эс алууну пландап жатасызбы? О! мобилдик операторунун тармагы эс алуучуларды бардык даярдыктар менен тосуп алат. Түйүндүн сыйымдуулугу көбөйтүлдү, жаңы базалык станциялар орнотулду, учурда иштеп жаткан жабдууда түйүндү өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү жаатында иштер аткарылды. Туруктуу байланыш, ылдам интернет – кам санабай эс алыңыз жана дайыма байланышта болуңуз.

Ал эми эң жагымдуу нерсе – О! түйүнүнө eSIM технологиясы боюнча эки клик менен аралыктан кошула аласыз. Болгону «Мой О!» тиркемесин көчүрүп, номер менен тарифти тандаңыз – байланыш салонуна барбай туруп, дароо байланыш менен камсыз болосуз.

Маанилүү: eSIMди Кыргызстанга келгенге чейин эле кошуп алсаңыз болот, ал эми байланыш кызматтарын Кыргыз Республикасынын аймагынан гана активдештирүү мүмкүн.

Жаңы абоненттерге бонус

Жогорку ылдамдыктагы +30 ГБ интернетти О! түйүнүнө биринчи жолу кошулуп жаткан жаңы абоненттер белекке алышат. Бул YouTube, сторис, стриминг, музыка жана навигация үчүн идеалдуу мүмкүнчүлүк. Кыскасы, жолго жана эс алууга керектүүнүн баары бар.

О!го өтүңүз жана берметтей тунук суусу бар, тегерете тоо менен курчалган керемет жерде интернетти өчүрбөй, эң сонун көз ирмемдер менен бөлүшүп туруңуз.

Смартфон сатып алууда сувенир белекке

Мындан тышкары, Ысык-Көлдүн жээгиндеги O!Store дүкөндөрүнүн баарында жайкы акция өтүүдө! Каалаган смартфонуңузду сатып алган учурда, сизге фирмалык улуттук сувенир белекке берилет. Өргүүңүздөн эстелик боло турган жагымдуу бонус. O!Store дүкөндөрүнөн интернетке кошулуу үчүн зарыл болгон буюмдардын баарын таба аласыз: смартфондор, винглдер, роутерлер, кулакчындар, кабелдер, адаптерлер, пауэрбанктар жана башка керектүү аксессуарлар. Сизди дайыма пайдалуу акциялар менен арзандатуулар күтөт. Дүкөндөрдүн даректерин ostore.kg сайтынан карап чыгыңыз.

«Смартфон сатып алууда сувенир белекке» акциясы 27.06.2025-жылдан 31.08.2025-жылга чейин өтөт. Сүрөттөгү товардын көрүнүшү тааныштыруучу мүнөздө. Белектик сувенирлердин бар экенин жана алардын мүнөздөмөлөрүн O!Store консультанттарынан тактап алыңыз. Тарифтер жана акциялар боюнча толук маалымат o.kg сайтында.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан