Франциянын президентинин жубайы Брижит Макрон күйөөсү Эммануэль Макронду Улуу Британияга барганда ыңгайсыз абалга калтырды.
Видеодон Макрон учактан биринчи түшкөнүн, андан соң артында түшүп келе жаткан жубайына колун сунганын көрүүгө болот. Бирок Брижит анын сунган колун кармабай койгон. Француз президенти колун түшүрүп, аларды тосуп жаткан ханзаада Уильям менен учурашкан.
Эске салсак, май айында Макрон жубайы менен Вьетнамга барганда да адаттан тыш окуя болгон. Анда учактын эшиги ачылганда Макронду жубайы жакка чаап жиберген.