5 жаштагы бала апасын соккудан коргоп калды

Орусиянын Курск шаарындагы пляжда украиналыктардын соккусунан 5 жаштагы бала апасын денеси менен коргоого аракет кылган. Бул тууралуу Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейн өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

"Бала катуу күйүк алды, ал азыр реанимацияда. Аны апасы менен Москвага которобуз",- деп билдирди чиновник.

Анын айтымында, жаракат алгандардын дагы бири жаш жигит, ал дагы башкаларга жардам берүүгө аракет кылып жатып жаракат алган.

"Ал пляждын жанынан өтүп бара жаткан. Ал аялдар менен баланын кыйкырыктарын угуп, жардамга шашкан. Ошол маалда ок-дарылар жарылып кеткен",- деди Хинштейн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан