Агресивдүү мамиле кылып, сөгүнгөн... Нурлан Мотуев кармалды

Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда SUPER.KG порталына Свердлов РИИБинен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 8-июлда Нурлан Мотуевди милиция кызматкерлери социалдык тармактагы видеолорунун бирине байланыштуу түшүндүрмө берүү үчүн Бишкектеги Свердлов РИИБине алып келишкен. Бирок Мотуев милиция кызматкерлерине карата агрессивдүү мамиле кылып, жүрүм-турум нормаларын бузуп, сөгүнгөн.

Бүгүн, 9-июлда Свердлов райондук сотунун чечими менен Мотуев 126-берене боюнча 5 суткага камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан