Интернет баракчаларда Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун Кочкор жана Сары-Булак айылдарынын ортосундагы жолдо сел жүрүп, унаа жолдоруна таш түшкөндүгү айтылууда.
Азырынча расмий маалымат бериле элек.
Буга чейин Ысык-Көл тарапта сел жүрүп, жол жабылгандыгы белгилүү болгон. Учурда кайра каттам жанданды.