Мындайы мурда болгон эмес! Arzy Group сунуштаган GREY турак жай комплекси – шаардагы жогорку класстагы жашоонун жаңы символу

Бишкек шаары эң алгач жолу чыныгы эксклюзивдүү турак жай комплекси менен таанышып жатат. GREY долбоору люкс-класстагы турак жай үчүн жаңы стандартты орнотууда, анткени ал КМШ өлкөлөрүндө азырынча болуп көрбөгөн жеке жашоо купуялуулугу менен комфорттун деңгээлин сунуш кылат.

Өзгөчө формат: Бир кабат – бир батир.

GREY – дүйнөлүк деңгээлдеги архитектура; анда эң мыктыны тандаган адамдардын жашоо адаттары менен артыкчылыктары камтылган.

GREY деңгээлин эмне аныктайт?

• Бир кабатта – бир батир. Үч мунара, ар бири 16 кабаттуу (жалпы 42 батир).
• Ар бир батирдин аянты – 270,99 м².
• Лифт түз эле батирдин ичине келет. Жалпы коридорлор жок – бөтөн көздөрдөн оолак жана ашыкча ызы-чуу деген нерсе болбойт.
• Жеке, тынч эс алуу үчүн кенен терраса.
• Таза аба батирге күнү-түнү тынымсыз кирип турат; DEFRO AIR рекуперациялык системасы аркылуу ал автоматтык түрдө чыпкаланат, муздатылат же жылытылат.
• Сутка бою видеокөзөмөл, күзөт кызматы жана батир ээлерин биометрикалык идентификациялоо технологиясы каралган.
• Жер төлөдөгү автотуракча Auto Marshall автоматташтырылган кирип-чыгуу системасы менен жабдылган, ошондой эле электромобилдерди кубаттоо станциялары орнотулган.
• Инфраструктурасы чоочундар үчүн жабык, тургундарга гана арналган: СПА, фитнес-зал, ресторандар, BBQ-аймак, конференция залы, медициналык борбор, балдар жана спорттук машыгуу аянтчалары, ошондой эле жабык ички короо.

Комплекс шаардагы абройлуу райондордун биринде, тактап айтканда Аалы Токомбаев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Жер төлөдөгү эки унаа токтоочу орун – белекке берилет.
Мындан тышкары, жеке кампалык жай да белекке берилет (Бул эч кандай акция эмес – бул GREY философиясынын бир бөлүгү: сиздин деңгээлиңизге айланаңыздагынын баары шайкеш болууга тийиш).



GREY – сиздин ийгилигиңизге татыктуу үй.

Кененирээк маалымат алып, кеңеш алууга жазылгыңыз келсе, биз менен байланышыңыз:

Телефон: +996 555 055 055. Дарек: Игембердиева көч., 1А/8, “AURORA” бизнес борбору

Толук маалымат: arzygroup.kg , instagram.com/arzygroup.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан