Макрондун жубайы күйөөсүнүн колун кармабай койгонунун себеби айтылды

Франциянын биринчи айымы Брижит Макрон Улуу Британияга барганда Эммануэль Макрондун колун алуудан баш тартканына анын эжесинин каза болгону себеп болгон. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы президенттин үй-бүлөсүнө жакын булактарына таянып жазып чыкты.

"Биринчи айымдын маанайсыз көрүнгөнүнүн негизги себеби ушул. Ал эжесин жакшы көрчү жана бул жоготуу ага катуу таасирин тийгизди",- деген булак.

Басылма Брижит ага карабай Макронду Улуу Британияга коштоп барууну чечкенин белгилейт.

Айта кетсек, 72 жаштагы Брижиттин 93 жаштагы эжеси Анн-Мари Тронье өткөн аптада, тагыраагы 3-июлда каза болгон.

Франциянын президентинин жубайы Брижит Макрон Британияда учактан түшүп келе жатып Эммануэль Макрондун сунган колун кармабай койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rusi79
2025-07-11 12:02:00
Кокуй чатак иш болуптур,эми эмне кылабыз бизге зыяны тийбейби десен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан