Ошто жаш кызга карата туура эмес мамиле жасаган агайга чара көрүлдү

Ош шаарында жаш кызга карата орой мамиле жасаган эркек киши кармалып, айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Ош ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Социалдык желеде жаш кызга ыдык көрсөттү делген видео тарап, талкуу жаратууда.
Маалым болгондой, милицияга жабырлануучу тараптан арыз түшүп, текшерүү иштери башталды.
Милиция Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштеген 1972-жылы туулган С.К. аттуу жаранды аныктап, ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлдү. Ага карата 5500 сом өлчөмүндө айып салынды.
Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө анын жүрүм-турумун катуу көзөмөлгө алып туруу тапшырмасы коюлду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан