Президент Балыкчынын мэри Султан Кермалиевди кызматтан алды

Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясы бүгүн, 14-июлда билдирди.

Тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, Кермалиев июль айынын башында Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал кызматка киришкенден кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маеги коомчулукта талкуу жараткан. Анда көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын белгилешкен. Буга удаа президент Садыр Жапаров мэр Керималиев тууралуу пикирин билдирген.

Көп өтпөй Балыкчы шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика жана коммуникация маселелери боюнча кеңешме өткөрүлгөнү да маалымдалган.

Бүгүн, 14-июлда Керималиев кызматтан алынышы мүмкүн экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан