АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинди «мыкты жигит» деп атады жана өзүн Путин алдай албай турганын кошумчалады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-июлда Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Трамптын айтымында, ал Путин менен көп сүйлөшөт жана алардын сүйлөшүүлөрү ар дайым «жагымдуу» өтөт. Бул тууралуу ал жубайы Меланияга да айтып берет.
"Путин – мыкты жигит. Бул жылдар бою далилденди. Ал буга чейин көптөгөн саясатчыларды Клинтондон баштап, Буш, Обама жана Байденди алдады. Бирок мени алдай албайт", - деп билдирди АКШ лидери.
Эске салсак, Трамп НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугуу учурунда эгер 50 күндүн ичинде Украина боюнча тынчтык келишими түзүлбөсө, Москваны жана анын өнөктөштөрүн 100 пайызга чейин бажы төлөмдөрү күтүлүп жатканын айткан.