Салык кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Мамлекеттик салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылып, министрлер кабинетинин курамына киргизилди. Бул тууралуу ведостводон билдирди.

Ага ылайык, Салык кызматына алкоголдук продукциялар менен зер буюмдарын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө функциялары дагы өткөрүлүп берилди.

Бул өзгөртүүлөр салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, процесстерди санариптештирүүнү тездетүүгө жана товарларды маркалоону киргизүүгө, спирт жана зергерчилик тармактарын бир ведомствого бириктирүү аркылуу функциялардын кайталануусун кыскартууга, контрабандага жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан