Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ШКУнун ТИМ жетекчилеринин жыйынынан кийин журналисттерге АКШнын президенти Дональд Трамптын акыркы билдирүүлөрү боюнча комментарий берди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
«Ачык эле көрүнүп турат, ал (ред.: Трамп) Европалык биримдик менен азыркы НАТО жетекчилигинин басымында калып жатат», — деп түшүндүрдү Лавров Трамптын кескин билдирүүлөрүн.
Ошондой эле Лавров Европа Биримдиги менен НАТО Владимир Зеленскийдин заманбап, анын ичинде чабуулчу куралдарды берүү талабын сөзсүз колдоп жатканын белгиледи.
«Биз бул билдирүүнүн артында эмне турганын түшүнгүбүз келет. 50 күн дейт. Мурун 24 саат болчу. 100 күн да айтылган. Биз мунун баарын көрдүк, башыбыздан өткөрдүк. Чынында эле АКШ президенти эмне болуп жатканын түшүнгүбүз келет», — деди Лавров.
Эске салсак, кечээ АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугуу учурунда эгер 50 күндүн ичинде Украина боюнча тынчтык келишими түзүлбөсө, Москваны жана анын өнөктөштөрүн 100 пайызга чейин бажы төлөмдөрү күтүп жатканын айткан.