Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 16-июлда Абдыкадыров көчөсүн кыдырып чыкты. Анда мэр көпүрөнүн башындагы жана астындагы курулуштарды, каралбай калган жерлерди иретке келтирүү, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү тапшырды.
Калаа бийлиги билдиргендей, шаар башчысы Өзгөн көчөсүн кеңейтүү, ачуу жана капиталдык оңдоп-түзөө жасоо боюнча жеринен көрүп чыкты.