УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы президентик жана парламенттик шайлоолорго катышпастыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-июлда Бишкектин Новопавловка айыл өкмөтүнө барган учурда билдирди.
Атайын кызматтын башчысы анын аткарып жаткан иштерин шайлоого даярдык көрүү аракети катары сыпаттагандар бар экенин белгиледи.
"Мен бул жерге жөн эле бирөөгө көрүнөйүн деп келгеним жок. Президентибиздин тапшырмасын аткарайын деп жүрөм. Анан кээ бирлер "шайлоого даярданып жатат" деп айтып жатышат. Мен дагы бир жолу кайталайын, мага эч кандай шайлоонун кереги жок",- деди ал.
Ташиев ошондой эле аталган айыл өкмөтүндөгү сейил бактын сапатсыз курулганына байланыштуу айыл өкмөттүн башчысын, жана бир катар кызматкерлерди камакка алынууну буйруду.
Эске салсак, былтыр 17-декабрда Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, президенттик шайлоого барбай турганын айткан.