Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жолдошу менен эки ажырым жолго түшкөнүн билдирди.
"Эркек кишинин каражатына жашаган аял болуу жаман эмес, мага туулган күнүмдө гүлдү өз акчама алып бергени жаман. Күлкүлүү угулат, ээ? А мен болсо: "Нормалдуу эле го, ал жакшы киши, эң негизгиси - сүйүү" деп ойлочумун. Көп жылдан бери бардык финансылык жоопкерчилик менин мойнумда болчу. Эки баланын (8 жана 6,5 жаш) жашоо шартын камсыз кылчумун, дайыма стресс абалда иштеп жүрчүмүн. Ал эми мага жардам берүүнү суранганымда жооп берчү эмес же куру убада менен жоопсуз калчу.
4-5 айдын ичинде болгону 200 долларга заказ кылып коюп, анан кайра эле жарыш оюндарын ойнойт, YouTube көрөт. Себеби бала бакчаны, мектепти, тамак-ашты, каалоо-тилектерди, майрамдарды жана дагы көп нерсени Алия төлөйт да.
Акырында ажырашуу тууралуу документтерди алдым, куттуктасаңар болот! Ушуга жетүү үчүн көп убакыт керек болду",- деп жазды Шагиева.
Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиева 2016-жылдын август айында программист Константин Рязановго турмушка чыккан. Алардын бир уулу жана кызы бар экени белгилүү.