
Бүгүн, 16-июлда “Манас” аэропортуна заманбап жүк ташуучу COMAC C919 учагы биринчи жолу келип конду. Бул тууралуу аэропорттун жетекчиси
Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Белгилей өтсөк, каттам YTO Airlines авиакомпаниясы тарабынан аткарылды.
"Учурда үзгүлтүксүз каттамдардын графиги түзүлүүдө жана жакынкы аралыкта жарыяланат",- деп жазды ал.
Аталган учак Кытайдын алдыңкы учак чыгаруучу COMAC (Commercial Aircraft Corporation of China) компаниясы тарабынан чыгарылган.