Өлкөдөгү бир катар мектептерге көрүнүктүү ишмерлердин ысымдары ыйгарылат 

Бүгүн, 16-июлда министрлер кабинетине караштуу өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө сактоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 20дан ашык маселе каралганын өкмөттөн билдиришти.

Комиссиянын чечими менен бир катар мектептерге жана бир баштапкы кесиптик билим берүү мекемесине Касым Тыныстанов, Иманалы Айдарбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиев, Аалы Токомбаев, Саякбай Каралаев, Кусеин Карасаев, Чыңгыз Айтматов жана башка ишмерлердин ысымдары ыйгаруу жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан