Балыкчынын мурдагы мэри Султан Кермалиев Соң-Көлдө унаасын чимирилтип (дрифт) айдаган видеосун социалдык тармактагы баракчасында жарыялады. Видеого мурдагы мэр "Я свободен" деген ырды кошкон.
Кермалиевдин унаасы буга чейин да коомчулук тарабынан кызуу талкууланган.
Эске салсак, Кермалиев июль айынын башында Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал кызматка киришкенден кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маеги коомчулукта талкуу жараткан. Анда көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын белгилешкен. Буга удаа президент Садыр Жапаров мэр Керималиев тууралуу пикирин билдирген.
Көп өтпөй Балыкчы шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика жана коммуникация маселелери боюнча кеңешме өткөрүлгөнү да маалымдалган.
14-июлда Керималиев кызматтан алынышы мүмкүн экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген,көп өтпөй ал кызматынан бошотулган.