Элдик Банк Кыргызстанда биринчи ирет “Элдик Лизинг аталышындагы банктык лизинг компаниясын негиздеп, иштете баштады

Бул кадам - Банктын өзү үчүн гана эмес, ошол эле учурда өлкөнүн заманбап жана ийкемдүү каржылоо инструменттерине кызыккан бүтүндөй бизнес-коомчулугу үчүн дагы олуттуу ачылыш болуп калды.

Лизинг ишкерлердин өнүгүүсүнө кедерги болбостон, технологияларды ишке ашырууга, өндүрүштү кеңейтүүгө жана жаңы рынокторго мына бүгүн - так, ачык жана жеткиликтүү шарттар менен чыгууга мүмкүндүк берет.

Бул “Элдик Лизинг компаниясы жеңил, жүк ташуучу жана атайын унааларды, айыл чарба, курулуш жана өндүрүштүк жабдууларды, коммерциялык кыймылсыз мүлктөрдү, биологиялык жана материалдык эмес активдерди, IT-жабдууларын, ошондой эле муктаждык боюнча авиация жана суу транспортун сатып алууну каржылайт. Продукттардын багыттарынын биринде - Шарият принциптерине дал келген Ислам лизинг (Иджара МБ Бизнес).

Элдик Лизингдин негизги артыкчылыктарынын бири кардарларды тейлөөдө комплекстүү мамилени колдонуу. Компания ыңгайлуу "бирдиктүү терезе" моделин сунуштайт, мында ишкер кеңеш алып, чечим кабыл алат жана бүтүмдү бир эле жерде, арзыбаган бюрократиялык тоскоолдуктар менен тариздей алат. Бул иште санариптештирүүгө көп көңүл бурулат: арызды, кеңсеге барбай эле, онлайн тартибинде берүүгө болот. Техниканы жеткирүүнү жана тариздөөнү тездеткен берүүчүлөрдү каржылоо да каралган. Келечекте Банктын өзүнүн бажы кампасын ачып, иштетүү жагы каралууда, бул кардарлардын импорттолуп келген жабдууларды лизингге алуусун жөнөкөйлөтөт.

"Биздин милдет – бул жөн гана каржылоо мүмкүнчүлүгүн камсыздоо эмес, туруктуу өсүү үчүн инструменттерди сунуштоо. Ал эми лизинг - бул дал ушундай каражат (инструмент). Бул өзгөчө стратегиялык жактан ойлонгон компаниялар үчүн маанилүү: өндүрүштү модернизациялоо, техниканы жаңылоо, инновацияларды кеңири жайылтуу. Биз болсо келечек - өнүгүү үчүн инвестиция сарптагандардын колунда экенине ишенебиз. Ал эми, Банк катары биздин милдетибизмуктаждык орун алган жерде болуу, колдоо көрсөтүү, чечимдерди табууга жардам берүү", - деп белгиледи Элдик Банк Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

Бул олуттуу иштин алкагында «Элдик Банк», «Элдик Лизинг» жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду.

"Бүгүн биз "Элдик Лизинг" менен "Элдик Банк" ортосунда кол койгон меморандум Кыргызстанда лизингди өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачат. Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду лизинг механизмдерин өркүндөтүү үчүн эки миллион АКШ долларына чейин бөлүүгө даяр. Бул документ жөн гана формалдуу эмес. Бул - биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун, тажрыйба алмашуунун жана лизингди мыйзамдуу өнүктүрүүнүн ишенимдүү каражатаы болуп саналат. Биз бул багытта чоң потенциалды көрүп жатабыз жана аны ишке ашырууга активдүү катышууга даярбыз», - деди РКӨФ Башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Элдик Лизинг - бул бизнес мүмкүнчүлүктөрүнүн жаңы деңгээли. Компания өсүүгө, модернизациялоого жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга умтулган ишкерлер үчүн ишенимдүү өнөктөш болуп калат. Ал эми, өлкөбүздүн жалпы экономикасы үчүн бул туруктуу өнүгүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана аймактарды бекемдөөгө жасалган кадам.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан