Лондондук «Арсенал» клубу канадалык футболчу Оливия Смитке клубга өтүшү үчүн 1 миллион фунт стерлинг (болжол менен 1,3 миллион доллар) төлөдү. Бул сумма аялдар футболундагы тарыхый трансфердик рекорд болуп калды.
Оливия Смит буга чейин «Ливерпуль» клубу менен оюн талаасына чыгып келген. Анын бул келишиминен "Ливерпуль" 800 миң фунт киреше тапты. Клубтун аткаруучу директору Энди О’Бойл башка клубдардын бир нече сунушун четке кагып, трансфердик баа 1 миллион фунтка жеткенге чейин күткөнүн билдирди.
Оливия Смит учурда 20 жашта. Ал футболдогу карьерасын Португалиянын «Спортинг» клубунда баштаган. Өткөн сезондо ал «Ливерпуль» үчүн 25 оюн өткөрүп, 9 гол киргизген.