АКШ ачкадан жапа чеккен балдарга арналган 500 тонна азыкты жок кылат
АКШ чукул жардам үчүн даярдалган азык-түлүктүн сактоо мөөнөтү бүткөндүктөн, аларды жок кылуу тууралуу буйрук берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Жок кылына турган азык — бул Ооганстан менен Пакистандагы балдар үчүн даярдалган, жогорку калориялуу нан азыгы. Анын курамы беш жашка чейинки балдардын толук кандуу азыктануусун камсыз кыла тургандай болуп жасалган.
Бул азыктын көлөмү 1,5 миллион баланы бир жумага чейин багууга жетмек. Алар 800 миң долларга сатылып алынган жана Дубайдагы кампада сакталган. Бирок USAID агенттигинин жоюлушуна байланыштуу азыктарды муктаждарга жеткирүү мүмкүн болбой калган.
Мындай азыктар, адатта, табигый кырсыктардын, согуштук аракеттердин айынан турак жайсыз калган жарандарга же гуманитардык уюмдар талаа ашканаларын даярдай албай калган учурда таратылат.