№55 автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү

Бишкек шаарында №55 муниципалдык автобус каттамынын жүрүү схемасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда мэриядан билдиришти.

Каттам эми Чоң-Арык айылынан Маевкага чейин жүрүп, борбор калаадагы 30 токтомо бекетти камтыйт.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов проспектисине саат 22:00дөн 05:00гө чейин кирүүгө тыюу салынгандыктан, ушул убакта автобус Садырбаев жана Масалиев көчөлөрү аркылуу каттайт.

"Урматтуу шаар тургундары жана калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо максатында жеке автоунаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан