"Абалы оор". Камчаткада аюу аялга кол салды

Бүгүн, 18-июлда Камчатканын Елизовский районунда аюу 43 жаштагы саратовдук туристке кол салды. Аял ооруканага жаткырылганын Орусиянын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аюу чатырда уктап жаткан саратовдук туристке кол салган. Анын абалы оор экени айтылууда.

"Аялдын бир нече ири жарааттары жана сыныгы бар. Учурда ага операция жасалып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы оор",- дешти ооруканадан.

Белгиленгендей, бул 2025-жылы Камчаткада аюунун адамга кол салган биринчи учуру.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан