Түштүк Кореяда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кеминде төрт адам каза болуп, миңдеген адамдар эвакуация болгонун чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, жалпы 496 мамлекеттик, 276 жеке мүлккө зыян келген.
"Катуу жааган жаандан улам 4 адам каза болуп, эки адам жаракат алды. Ошондой эле 5 миңден ашуун тургундар коопсуз жайларга эвакуация болду",- деп жазылат маалыматта.
Ренхап басылмасы жазгандай, эң көп жоготуулар Чхунчхон-Намдо провинциясында катталган.
Кореянын Метеорология кызматы Кванджу, Пусан, Ульсан шаарларында жана Чхунчхон, Чолла-Пукто, Тэгу, Кёнсан-Пукто провинцияларында дагы нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөрүн божолдоп жатат.