WhatsApp тиркемеси Орусияда ушул жылдын аягына чейин жабылышы мүмкүн

Орусиянын Маалыматтык технологиялар комитетинин төрагасынын орун басары Антон Горелкин WhatsApp мессенжерине карата чектөөлөр болушу мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, бул тиркеме "душман өлкөдөн чыккан продукт" болуп эсептелет жана Орусияда тыюу салынган Meta платформасына таандык.

Бүгүнкү күндө WhatsApp’тын Орусиядагы күнүмдүк аудиториясы интернет колдонуучулардын 68 пайызын түзөт, негизинен орто курактагы адамдар колдонушат. Бийлик өкүлдөрү бул тиркемеге альтернатива катары МАХ аттуу мамлекеттик мессенжерди сунуштап жатышат.

Антон Горелкиндин айтымында, эгерде мыйзам талаптары сактала турган болсо, Telegram тиркемесин колдонууга уруксат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан