Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Ы.Ж.С. эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Буга чейин маалымдалгандай, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган. Тактап айтканда «Туңгуч» кичирайонундагы №36 турак жайдын жанында 6 жыл бою 4 жеңил тибиндеги коммерциялык объект жана 5ке жакын балдар аттракциону орнотулуп, иштетилип турган, тагыраагы болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер участогу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын уруксатысыз мыйзамсыз ээлеп алынып, пайдаланылган.
Мындан улам, 16-июлда топтолгон материалдардын жана козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басары Ы.Ж.С. жана В.Н.А. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган участокту ижарага берүүдөн алынбай калган пайда түрүндө 2 миллион 979 миң 889 сом өлчөмүндөгү зыяндар аныкталган.
Белгилей кетсек, тергөө учурунда Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берди.
Буга байланыштуу бүгүн, 18-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Ы.Ж.С. жана В.Н.А. эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде чыгарылды.
Тергөө иш - чаралары аяктагандан кийин айыптоо актысы менен кылмыш ишинин материалдары айыпталуучуларга карата акыркы чечимди кабыл алуу үчүн сотко берилет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.