Жапаров менен Хурэлсухтун жолугушуусунда бир нече документтерге кол коюлду (тизме)

Бүгүн, 21-июлда Ынтымак Ордодо президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Моголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу өттү. Анын алкагында эки өлкөнүн ортосунда кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Документтердин тизмеси:

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү орнотуу боюнча биргелешкен декларация;

Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы экстрадиция (туткундарды өткөрүп берүү) жөнүндө меморандум;

Кыргыз өкмөтү менен Монголия өкмөтүнүн ортосунда улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө меморандум;

Тышкы иштер министрлиги менен Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2026–2027-жылдарга карата кызматташуу программасы;

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Монголиянын Азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосунда жүндү кайра иштетүү жаатында кызматташуу боюнча меморандум;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Монголиянын Маданият, спорт, туризм жана жаштар министрлигинин ортосунда маданият жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча меморандум;

Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Монголиянын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана байланыш министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

Президенттин алдындагы Улуттук стратегиялык демилгелер институту менен Монголиянын Коопсуздук изилдөөлөр боюнча улуттук институтунун ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Монголиянын мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;

Нарын облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Монголиянын Дархан-Уул аймагынын администрациясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум;

Кыргыз Улуттук маалымат агенттиги «Кабар» менен Монгол Улуттук маалымат агенттиги "Монцамэнин" ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Монголиянын Илимдер академиясынын ортосунда илимий кызматташуу жөнүндө меморандум;

Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту менен Монголия Илимдер академиясынын Археология институтунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Монголиянын Улуттук телеберүүсүнүн ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан