Astronomer компаниясынын башкы директору Энди Байрон Coldplay тобунун концерти учурунда өзүнүн кызматкери менен кучакташып турганы видеого түшүп калгандан кийин кызматтынан алынды.
Интернет желесинде алардын видеокамера тартып жатканда жашырынган учуру мемге айланды. Учурда аларды пародия кылган видеолор көп тартылууда.
Айта кетсек, буга чейин интернет желесинде Astronomer IT компаниясынын башкы директору компаниянын HR менеджери Кристин Каботту кучактап турганы тартылган видео тараган.
Окуя Coldplay тобунун АКШнын Бостондогу Жиллет стадионундагы концертинде болгон. Анда аталган топтун солисти Крис Мартин видеокамера тарабынан тартылып жаткан кадрга көңүл бурган. Бирок видеого түшүп жатканын байкаган алар өздөрүн алып качышкан. Байрон шеригин кучактаганын токтотуп, жашынууга аракет кылса, ал эми аял уялганынан колу менен бетин жаап, артты караган.
Анын катышуусундагы видео интернет желесинин колдонуучулары тарабынан кызуу талкуланып, Байронду жубайы менен эки баласы үйдө отурганда концертте Кристин Каботту менен кучакташып жүргөнүн айыпташкан. Аталган видео социалдык тармактарга тарары менен 9 сааттын ичинде 15 миллион көрүүнү чогулткан.