Бишкекте дагы бир жаңы жол пайда болот

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жаңы жолдун (ЖЭБдин жанында) курулушунун башталышы менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Калаа башкармалыгы Жунушалиев курулушу пландалган участок менен таанышып, бир катар тапшырмаларды бергенин белгиледи. Тиешелүү иштерди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырылган.
Курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 800 метрди, туурасы 8 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн жолдун бир тарабына туурасы 2 метрден ашкан тротуар курулат.
"Мэр Айбек Жунушалиев жол боюна унаа токтотуучу жайларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырып, жолду курууга бардык даярдык иштерин баштоо милдетин койду", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан