Белгилүү блогер Азирет Осмонов Instagram баракчасы аркылуу Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн жаңы жасалган бөлүгүндөгү кемчиликтерди айтып, видео кайрылуу жасады.
Анын айтымында, жолдо жөө өтмөктүн жоктугу жашоочуларга бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.
"Жолдун аркы бетиндеги аялдамага барыш үчүн Магистралды айланып бармак беле? Бир дагы жөө өтмөк жок. Анан унаа каршы тилкеге бурула тургандай бир дагы жол берүүчү жер жок. Эмне болгон жол? Түшүнгөн жокмун", - деди ал.