Балыкчы шаарынын экс-мэри Султан Кермалиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Бакытбек Жетигеновду сынга алды. Бүгүн, 22-июлда ал көлдүн жээгиндеги эскилиги жеткен пирстин сүрөтү жана видеосу менен бөлүшүп: "Сүрөт атайын губернатор үчүн. Жээктердеги зонтиктердин баасын аңдып жүрбөй, реалдуу иштер менен алектенсеңиз, же эмне бизде көйгөй азбы?",- деп жазган ал.
Эске салсак, Султан Кермалиев июль айынан башында Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган. Андан көп узабай эле, 14-июлда кызматтан алынган болчу. Андан кийин эле анын эс алуудагы жана унаа айдап бара жаткандагы видеолору тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан эле.