Санкт-Петербургда бейтааныш адамдар суюктук бергенден кийин 12 жаштагы кыз реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя кыз досу менен сейилдеп жүргөндө болгон. Аларды бейтааныш адамдар үйүнө чакырып, сууга окшош суюктук ичиришкен. Андан соң, кыздын ден соолугу кескин начарлап кеткен.
Медициналык кароодо белгисиз зат менен курч ингаляциялык уулануу, жабык баш мээ жаракаты, беттин жумшак ткандарынын контузиясы аныкталган. Кыздын абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.