Таластагы "Жыйынды" постунда Казакстандан өлкөгө ташылып келе жаткан 14 тонна ун карантиндик фитосанитардык талаптарга жооп бербей турганы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анда фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар менен жүктүн транспорттук документтериндеги маалыматтардын дал келбегендиги белгилүү болгон.
Натыйжада, мыйзам бузууларга байланыштуу жүк артка кайтарылды.