Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад шаарындагы “Токтогул” эс алуу жайында ири өрт кырсыгы катталды. Бул туралуу ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө саат 11:13дан бери жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылып, жеринде кызмат көрсөтүшүүдө.
Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет.