Бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков өрт кырсыгы катталган Токтогул эс алуу багына барды.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, шаар башчысы тиешелүү жетекчилерге өрттүн кесепеттерин ыкчам түрдө жоюу, келип чыгуу себептерин тактоо жана парктын аймагындагы соода күркөлөрүн буздуруу тапшырмасын берди.
Айта кетсек, аталган парктын тамактануучу жайларынан ири өрт чыгып, жалпы өрт өчүрүүчү үч унаа тартылды.