HUAWEI Pura 80 сериясы: Мобилдик фотосүрөттүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү

2025-жылдын 10-июлунда Huawei компаниясы мобилдик фотосүрөттүн жаңы стандарттарын белгилеген, HUAWEI Pura 80 жаңы флагмандык смартфондорунун сериясын сунуштады.

Саркеч дизайн

“Жылтырак кызыл” түстөгү HUAWEI Pura 80 Ultra жана HUAWEI Pura 80 Pro моделдери эстетикалык жаңылыкты жаратат. Алардын жаркыраган корпусу күндө жуурулушат, ал эми Ultra камерасы алтын шакектер – алдыга умтулууну жана моделдин статусун баса белгилеген акцент менен кооздолгон.

Кесипкөй сүрөткө тартуу

HUAWEI Pura 80 Pro смартфонунда көбүрөөк жарыкты камтууга жана жарык начар болгондо дагы табигый түс берүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү 1-дюйм сенсор колдонулат. Биринчи жолу HUAWEI Pura 80 Ultra смартфонунда кооз портреттер жана тереңдик таасири менен деталдаштырылган ири пландар үчүн өтө чоң сенсору, 3,7x жана 10x зуму менен эки телеобъектив пайда болду.

Өркүндөтүлгөн чыпкалары жана алгоритмдери менен XMAGE фирмалык технологиясы катуу чоңойтууда жана татаал жарыктандыруу шарттарында кристаллдай тактыкка жетүүгө мүмкүндүк берет. Архитектура, түнкү шаар, сахнадагы оюн – ар бир кадр тереңдикти, каныккандыкты жана ачыктыкты сактайт. 4K-видеону колдоо смартфондорду кыймылдуу окуяларды тартуу үчүн идеалдуу кылат.

Жасалма интеллекттин инновациялык мүмкүнчүлүктөрү

Pro жана Ultra моделдериндеги жаңы акылдуу баскыч керектүү функцияларга: камерага, кол чыракка же камеранын ЖИ-куралдарына тез жетүү мүмкүндүгүн берет. Манжа издеринин өркүндөтүлгөн алгоритми тез жана коопсуз бөгөттөн чыгарууну камсыз кылат. ЖИ-чуу басуу технологиясы үн чалууларды ызы-чуу жагдайда дагы болушунча таза кылат.

Өтө мыкты күч жана өндүрүмдүүлүк

HUAWEI Pura 80 Pro жана HUAWEI Pura 80 Ultra моделдеринде 5170 мА*с күчтүү батареясы орнотулган, ал HUAWEI SuperCharge 100 Вт зымдуу зарядкасы жана HUAWEI SuperCharge 80 Вт зымсыз заряды менен айкалышта узакка зарядды камсыз кылат[1]. Жогорку сыйымдуу батарея жана тез заряддоо убагында кубаттандырылбай калган смартфон тууралуу тынчсыздануудан арылтат.

Тайсалбас бышыктык

2-муундагы Kunlun Glass айнеги корпусту коргоону камсыз кылат: ал тытылууга 16 эсе жана кулап кетүүгө 25 эсе чыдамдуу[2]. Бул HUAWEI Pura 80 Ultra смартфонун стилдүү гана эмес, ар күнү укмуштуудай ишенимдүү жолдош кылат.

[1]. HUAWEI SuperCharge 80 Вт зымсыз заряддоо үчүн панель өзүнчө сатып алынат.

[2]. Маалыматтар Huawei лабораториясында 2-муундагы Kunlun Glass эскирүүгө чыдамдуу айнекти жана кадимки айнекти салыштырууда алынган. Смартфон тышкы таасирге жана физикалык факторлорго сезгич, өтө так электрондук компоненттерден турат. Пайдалануу убагында аны кулатып жибербөөгө аракет кылыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан