Императорлордун изи калган байыркы Римге саякат (блог)

Ардактуу окурмандар! Сиздер менен бүгүн сүйүнүчтүү кабар менен бөлүшөйүн деп турам. Бүгүндөн баштап SUPER.KG порталында Sayakattime аттуу жаңы саякат рубрикабызды баштап жатабыз. Бул рубрикада биз өзүбүздүн жолубуз түшкөн кызыктуу өлкөлөр, шаарлар жана ошол жерлерден алган таасирлерибиз менен бөлүшөбүз.

Буга чейинТүркия, Египет, Иордания сыяктуу тарыхый жана кооз өлкөлөргө болгон сапарларымды жана ички туризмди баяндап келген болсом, эми аларды атайын бир рубрикага бириктирип, сапарларымдын жүрүшүн жандуу, сүрөттүү жана жүрөктөн чыккан сөздөр менен жеткирүүгө бел байладым. Ал эми бул рубриканын алгачкы чыгарылышын - мен көптөн күткөн кыялым орундалып, жакында эле жалгыз барып келген Италиянын борбору Римге болгон саякатым менен баштайм.

Байыркы Рим империясынын урандыларын Түркиядагы Сиде, Фаселис же Иорданиядагы Петра сыяктуу шаарлардан көрүп таң калчумун. Ар биринде "Ушулар Рим империясына тиешелүү болсо, анда Римдин өзүндө эмнелер гана бар болду экен?" деген ой ичимде кайталана берчү. Ошол таң калуу, ошол кызыгуу акыры бул калааны көрүү менен жыйынтыкталды. Анда кеп башынан болсун.

Аэропортко конорум менен шаарга чыгууга ашыктым. Паспорт текшерүү иштери бүтөрү менен темир жол станциясына чейин автобус менен бардым. Андан кийин поездге отуруп мейманканамды көздөй сапар алдым. 1 саат 20 мүнөттөй жол жүрдүм. Себеби шаар ичинде эмес Римдин деңизинин боюнда жайгашкан Чивитавеккья портуна жакын жерде жайгаштым. Биринчи күнү Тиррен деңизи менен саламдашып, жээгин бойлой басып, күн батымына карап суктандым. Италиянын бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон паста деп аталган тамагын даамдадым.

Эртеси күнү күн менен кошо туруп эле шаардын борборуна жөнөдүм. Сапарымды атактуу Колизейден баштадым. Ичине да кирип, ар бир ташына көз салып, кылымдарды карыткан бул амфитеатрда элестетүү менен жүрдүм: гладиаторлор, жапайы жаныбарлар, императорлор… Архитектурасы таң калтырбай койбойт. Бүгүнкү күндө да бул имарат ошол калыбында сакталып турушу - римдиктердин курулуш өнөрүнүн деңгээлин айгинелейт.

Колизей - бул жөн гана таш имарат эмес. Бул - империялык күчтүн, элдин көңүл ачуу маданиятынын жана адамзат тарыхындагы эң чоң архитектуралык жетишкендиктеринин бири. Расмий аты - Флавий амфитеатры. Ал биздин заманга чейинки 72-жылы император Веспасиандын тушунда курула баштап, анын уулу Тит тарабынан 80-жылы бүткөрүлгөн. 50 миңден ашуун көрүүчү батыра алган бул амфитеатр Рим эли үчүн гладиатордук беттештер, жырткыч айбандар менен салгылашуулар, кээде деңиз согуштары (navalia proelia) катары уюштурулган шоу-программалар үчүн колдонулган.

Колизейдин ички түзүлүшү таң калтырбай койбойт. Ар бир орун өзүнүн катмарына жараша бөлүнүп, императордон баштап карапайым элге чейин өз деңгээлине ылайык жайгашчу. Аренанын астындагы hypogeum деп аталган туннелдерде жырткычтар, гладиаторлор жана сахналык механизмдер жашырылган. Алар атайын лифттер менен сахнага көтөрүлүп турган. Азыр да ошол тоннелдерди көрүүгө болот. Тагыраагы, учурда ал тоннелдер ачык айкын көрүнүп турат, убагында болсо ал жашыруун болчу.

Имараттын дубалдарында аркалар жана тешиктер бар, булар - жарык жана желдетүү үчүн курулган элементтер. Атайын капталдан кирип, тепкичтер менен өйдө көтөрүлүп, аренага карап турсаңыз, ошол доордогу кыйкырыктар, кылычтардын кагылышкан, айбанаттардын арылдаган үндөрү элестей түшөт. Эгерде сиз "Гладиатор" тасмасын көргөн болсоңуз, анда фильмдеги эпизоддорду сөзсүз эстейсиз жана элестетесиз бул жерде. Кыскасы, Колизейде жүргөндө - өзүңдү миң жыл артка кеткендей сезесиң.

Бул улуу архитектуралык керемет азыр да турат - айрым бөлүктөрү урап түшсө да, сырткы жана ички структурасы сакталган. Колизейде өз көзүң менен көрүп, тарыхтын демин сезүү - бул сөз менен жеткире алгыс тажрыйба.

Ошентип, Колизейден таасирленген соң Форум Романумду көздөй багыт алдым.

Форум Романум - Шаардагы эң байыркы жана маанилүү аянттардын бири. Бул жай Римдин саясий, экономикалык жана социалдык жашоосунун борбору болуп эсептелет. Мен барганда, аянттын ичинде байыркы архитектуранын, храмдардын жана мамлекеттик имараттардын калдыктарын көрүп, өткөн кылымдардагы цивилизациянын канчалык күчтүү болгонун көз алдыма элестеттим.

Форум Романум б.з.ч. VI кылымдан баштап өнүккөн. Бул жерде Римдин эң маанилүү институттары, мисалы, Сенаттын имараттары, соода базарлары, соттор жана жөрөлгө өткөрүлгөн храмдар жайгашкан болчу. Анда жөн эле базар эмес, ошондой эле саясий сүйлөшүүлөр, жарандардын жыйындары өтчү.

Архитектурасы азыр да өзүнүн көркүн жоготкон жок. Көптөгөн колонналары, аркалары бар жана курулуштардын айрым бөлүктөрү азыркы күнгө чейин сакталып калган. Мен бул жердеги байыркы таштардын астында өткөн маанилүү окуяларды ойлоп, мектепте тарых сабагынан берген агайымдын айтып бергендерин эстедим.

"Юлий Цезарь өлгөндөн кийин анын сөөгү Форум Романумда, ачык аянтта - Римдин борборунда өрттөлгөн. Бул окуя Рим тарыхында абдан маанилүү жана белгилүү учур болуп саналат.

Цезардын өлүмү 44-жылдагы март айында (Ид март) Сенатта атылып өлтүрүлүшү менен коштолгон. Анын өлүмү Римдеги саясий кризисти козгоп, Рим Республикасынын аякташы менен Империянын пайда болушуна алып келген.

Цезарь өлгөндөн кийин анын сөөгү Форум Романумда, ачык аянтта - Римдин борборунда өрттөлгөн. Бул окуя Рим тарыхында абдан маанилүү жана белгилүү учур болуп саналат.

Бул жерде көптөгөн жарандар топтолуп, Цезарды акыркы сапарга узаткан. Өрттөө учурунда анын өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу сөздөр айтылып, коомчулукта чоң эмоция жаралган.

Ошентип, Форум Романум - тарыхый окуялардын жана маанилүү саясий иш-чаралардын орду гана эмес, ошондой эле Римдин каармандарынын акыркы сапарларынын да күбөсү болгон", - деп айтып бергендери дал Цезардын сөөгү өрттөлгөн жерде турганымда кайрадан кулагыма угулду. Ал жерде учурда "Ara di Cesare" деген аталышта кичинекей храмга окшоштурулуп курулуп, курмандык ташы коюлуптур.

Бул жакта жүрүп, байыркы римдиктердин жашоосу тууралуу көп нерсени үйрөндүм. Мындан тышкары, Форум Романумдун аймагында археологиялык казууларды, музейлерди жана маалымат такталарын көрүп, тарыхты тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк алдым.

Римде ар бир кадам – тарых. Бирок ошол тарыхтын эң терең, эң тынч жана падышаларча орун алган бурчу бул – Палатино дөңсөөсү экенине ынандым. Колизей менен Форумдун ызы-чуу, элге толгон көчөлөрүн артта калтырып, жапжашыл бактарга бөлөнгөн бул дөңсөгө чыкканымда өзгөчө тынчтыкты сездим.

Бул жер жөн гана байыркы урандылар эмес. Бул жер – Римдин башаты, падышалардын жашоосу, миф менен чындык аралашкан касиеттүү жай. Уламыштар боюнча, дал ушул жерде Ромулус Рим шаарын негиздеп, алгачкы дубалдарын курган.

Палатинонун үстүнөн Рим Форуму толугу менен көрүнүп турат – бул көрүнүш сөз менен сүрөттөлгүс. Колизейдин жарым ай сымал аркасы алыстан көрүндү.

Бул дөңсөдө император Августтун сарайынын калдыктары, чоң бассейндер, ачык аянттар, таш баскычтар, фрескалар жана Домициан сарайынын кең залдары да бар. Кыскасы ар бир таш – тарыхтын күбөсү.

Туристтердин кыйкырыгы, сүрөткө түшкөн үндөр жокко эсе. Бул жер башкача – тынч, салмактуу, терең. Сырдуу токой арасында басып баратканда, өзүмдү императордун бакчасында сейилдеп жүргөндөй элестеттим. Ар бир бурчунда отуруп, ушул жерден эл башкарган императорлор, аскер башчылар жана ак сөөктөр жашап өткөнүн ойлогондо, адам чындыгында тарыхтын тереңин сезет экен.

Эгер Римге бара турган болсоңуз, Колизей менен Форумга эле токтоп калбаңыз. Жанынан көз жүгүртүп өтпөңүз. Токтоп, Палатиного көтөрүлүңүз. Бул дөңсө – Римдин өзү, шаардын алгачкы дубалы курулган жери.

Кийинки багытым көпчүлүктүн кыялы болгон Треви фонтаны болду. Римге келгенде, сөзсүз барып көрүш керек болгон жерлердин бири.

Треви фонтанында өтө популярдуу салт бар - ишеним боюнча, ар бир адам артка бурулуп, сол колу менен оң желкенин үстүнөн фонтанга бир тыйын ыргытып койсо, ал Римге кайтып келет деп эсептелет. Эл арасында 2 тыйын ыргытса сүйүүсүнө жолугат, 3 тыйын ыргытса бул жылы сөзсүз үйлөнөт же турмушка чыгат деген ишеним менен ыргыткандар да арбын.

Треви фонтаны - бул жөн гана суунун агып жаткан жери эмес, ал Римдин тарыхы, мифологиясы жана искусствосунун укмуштуу айкалышы. Фонтанда негизги фигура - деңиз кудайы Нептун, ал эки ат үстүндө отурат. Ал эки ат - бирөөсү тынч, экинчиси ачуулуу - океандын эки жүзүн символдоштурат. Фонтанды курчап турган скульптуралар жана оймо-чиймелер суу, деңиз, өсүмдүк ж.б. табият элементтерин чагылдырган.

1762-жылы архитектор Николо Сальви тарабынан курулган жана андан кийин башка искусство чеберлери тарабынан өнүгүп, азыркы кооздукка жеткен.

Мурда фонтан Римдин көптөгөн аянттарына суу ташыган Аква Вирго аттуу суу түтүкчөсүнүн аягында жайгашкан. Бул сууну көтөрүп келүүчү инженердик система байыркы Римдин суу менен камсыздоодогу эң мыкты жетишкендиктеринин бири болгон.

Испан тепкичтери - шаардын эң белгилүү жана сонун жерлеринин бири. Ал 18-кылымда курулуп, 135 тепкичтен турат. Аларды Испаниянын элчилигинин имаратына жакын жайгашкандыгына байланыштуу "Испан тепкичтери" деп аташат.

Бул тепкичтер Римдин борборундагы Испания аянтын Вилла Боргезе бакчаларына туташтырат. Жайында бул жерге көптөгөн туристтер жана жергиликтүү калк келип, отуруп дем алышат, сүрөткө түшүшөт.

Тепкичтердин архитектурасы өтө кооз жана эски заман стилинде жасалган. Алардын бийиктиги жана кенендиги Римдин ачык асман алдында жайгашкан романтикалык жана уникалдуу абалын түзөт.

Испан тепкичтеринин жанында - Спана аянты (Piazza di Spagna) бар, ал дагы саякатчылар үчүн сонун жай. Кышында бул жерде Рождество базары өтүп, ысык шоколад менен жылуу ичимдиктерди ичип отуруп, калаанын салтын сезүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Римге барып, Пантеонду көрбөсөң, саякатың толук эмес деп айтса болот. Бул курулуш - байыркы Рим империясынын эң мыкты сакталган архитектуралык эмгектеринин бири. Анын тарыхы жана өзгөчөлүгү таң калтырат.

Пантеон - бул байыркы Римде бардык кудайларга арналган храм катары курулган. Анын аты да "бардык кудайлар" дегенди билдирет. Пантеон бүгүнкү күнгө чейин күчтүү жана кооз абалда сакталып келген. Ал б.з.ч. 27-жылы курулган, бирок азыркы имарат б.з. 118-128-жылдарда император Адриан тарабынан кайрадан курулган.

Пантеондун эң чоң өзгөчөлүгү - анын чыгармачыл архитектуралык куполу. Куполдун диаметри 43,3 метрге жетет, бул деген - анын ички бөлмөсү айланма шарындай көрүнөт. Бул купол - өз доорунда дүйнөдөгү эң ири бетон купол болуп эсептелген жана бүгүнкү күндө дагы дүйнөдө эң чоң куполдордун катарында турат.

Куполдун борборунда чоң тегерек тешик - "Окус" бар. Бул жерден күн нуру кирип, ички аянтты жарыктандырат. Ошондой эле, бул тешик менен жамгыр суу түшкөндө полго атайын дренаждык системалар менен агып кетет.

Пантеон - архитектуралык жана инженердик керемет болгону менен гана эмес, ал ошондой эле Римдин тарыхында маанилүү ролду ойногон. Бул жерде Рим императорлору, улуу сүрөтчүлөр жана белгилүү адамдар көмүлгөн. Мисалы, италиялык чебер сүрөтчү Рафаэльдин сөөгү Пантеондун ичинде жайгашкан.

Менин убактым чектелүү болгон үчүн ушул эле жерлерин көрүүгө жетиштим. Эгер сиздин убактыңыз кеңири болсо, Трастевере районуна баш багып, жергиликтүү жашоого сүңгүсөңүз болот. Ошондой эле Апиа жолунда жөө басуу - Римдин тынч, табигый жактарын ачат. Ал эми Авентин дөңсөөсүндөгү жашыруун ачкыч тешиги (Keyhole of Rome) - көз жоосун алган керемет!

Бул сапар мени эстетикалык жактан байытып гана койбостон, жашоого болгон көз карашымды да өзгөрттү. Эгер сиз дагы тарых менен искусствону жактырсаңыз - Римге жок дегенде бир жолу барып келүүнү сөзсүз сунуштайм.

Рим
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан