Сирия Түркиядан террористтер менен күрөшүүдө жардам сурады

Сириянын жаңы бийлиги террорчулукка, анын ичинде “Ислам мамлекети” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы менен күрөшүүдө коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого Түркиядан жардам сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Сириянын администрациясы Түркиядан коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо жана ИМ жетектеген террордук уюмдар менен күрөшүү үчүн расмий жардам сурады. Биз Сириянын коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө боюнча аракеттерибизди улантуудабыз", — деп жазат басылма.

Израилдин акыркы кол салуулары друз коомчулугу менен Дамасктын ортосундагы, өзгөчө түштүктөгү Сувейда чөлкөмүндө чыңалган мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө түздү. Түркия Сириянын жеринин бүтүндүгүн коргоо, ырааттуулукту камсыз кылуу жана террордук уюмдар менен күрөшүү темасында чечкиндүү позициясын улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан