"Башыңар менен жооп бересиңер". Бишкектин мэри кызматкерлерине кайрылды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн, 24-июлда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын "Достук" сейил багында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу шаар бийлиги билдирет.

Ал жакта мэр калаа аймагындагы парк жана скверлерди көзөмөлдөөгө жооптуу кызматкерлерди дайындады.

"Көрктөндүрүү, дарактарды бутоо, жашыл аймактарды сугарууга көңүл бургула. Ар бир сейил бак жана сквердин абалы үчүн башыңар менен жооп бересиңер",- деди мэр жооптуу кызматкерлерге.

Ошондой эле борбор калаанын башчысы тийиштүү кызматкерлерге бул багытта тынымсыз көчмө текшерүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан